Кыргыз Республикасынын искусствосу орду толгус жоготууга учурады. Министрлер кабинети 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Абдрай Осмонов 85 жашында узакка созулган оорудан каза болгонун билдирди.
Абдрай Осмонов 1939-жылдын 27-декабрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Шалба айылында туулган.
1959-жылы С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын жана И. Репин атындагы Живопись, скульптура жана архитектура акдемиясын аяктаган. 1965-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында окутуучу болуп иштеп келди.
Анын “Оодарыш”, “Үй-бүлө”, “Түшүм”, “Колхоз майрамы”, “Чокморовдун портрети”, “Ысык-Көлдүн балыкчылары”, “Карамолдонун портрети” жана башка көптөгөн чыгармалары бар.
Сүрөтчүнүн 55 чыгармасы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинин менчиги болуп эсептелет.
Анын көптөгөн шакирттери республикада белгилүү сүрөтчү болуп калышты. Алардын ичинен төртөө Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, жетөө Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.