Марал Радиосу

Шайлоо: Добуш сатып алууга байланыштуу жети кылмыш иши козголду

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча чечим кабыл алынгандан бери мыйзам бузуулар боюнча Ички иштер министрлигине жалпы 96 билдирүү түшкөн. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов айтты.

Он факты боюнча кылмыш иши козголду. Анын ичинен 7 факты шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кылмыш иши, Бишкекте – 2, Чүй облусунда – 3 жана Талас облусунда – 2 кылмыш иши козголду.

Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаарында козголгон кылмыш иштеринин материалдары сотко өттү.

«Добуш берүү күнү жалпы 69 маалымат түштү, анын көбү тастыкталбаган маалыматтар. Эки майда бейбаштык болду. Анын бири келген шайлоочу бюллетенди тытып салган. Ага Бузуулар кодекси боюнча 5500 сом айып салынды. Саясий кырдаал туруктуу, 15 миң милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө», — деди ИИМдин өкүлү.

Кыргызстанда 17-ноябрда Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, 1 млн 150 миң 931 киши шайлоого катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 27,83 пайызын түздү.

Өлкө боюнча жалпысынан 4 миллион 135 миң 39 шайлоочу бар.

Exit mobile version