Марал Радиосу

Ошто Жаңы-Барак айылы ачылды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров 15-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл аймагында жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылынын ачылышына катышты.

Президент Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Дөбө районунун ичинде жайгашкан Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп келгенин эске салды. Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган айылдын тургундары кыйын кырдаалдарды баштан кечиришкен: өткөрүү пункттарында суукта, шамалда сааттап кезек күтүп, текшерүүдөн өткөн. Ошко чейинки 15 мүнөттүк жолду 300 чакырып жол аркылуу айланып олтуруп, 12 саатта жеткен күндөр да болгон.

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинде Барак айылынын маселесин кошо көтөрүү менен айылдын жерин алмашуу жолу менен чечүү жагы колго алынганын айтып берди.

2024-жылдын март айында Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жолугушуусунда Өзбекстан айылдагы курулмаларды демонтаждоого милдеттенсе, кыргыз тарап айыл элин көчүрүү милдетин алган.

Ошол макулдашуунун жыйынтыгында жалпы 208 гектар жер Өзбекстан менен алмашылып, ал жерге Жаңы-Барак айылын түптөө чечими кабыл алынган.

Жаңы айылда 101 турак үй курулуп, жер астынан таза суу чыгарылды, көчөгө шагыл төшөлүп, электр зымдары тартылып, электр кубаты жеткирилген.

Бала бакча, мектеп, көп кабаттуу үй, сейил багы, мечит, футбол талаасы, жашылдандыруу эске алынган.

Жаңы-Барак айылынын курулушу ушул жылдын май айында башталган.

Exit mobile version