Марал Радиосу

«Социал-демократтар» партиясы шайлоодон четтетилди

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп, анда “Социал-демократтар» партиясынын маселеси каралды.

Жыйында партияны Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунан четтетүү сунушуна комиссиянын сегиз мүчөсү тең макул болгону айтылды. 

“Социал-демократтар” партиясынын шайлоодон четтетилишине добуш сатып алууга шектелип козголгон кылмыш иши негиз болгону айтылууда.

Кечээ, 13-ноябрда социал-демократтардан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков милицияга суракка кирип чыккан. Андан кийин Султанбековду атасы менен кошо кайрадан кармап кетишкени белгилүү болгон. Султанбековдун жакындары андан кабар ала албай жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. «Социал-демократтар» партиясы Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышып жаткан.

Exit mobile version