“Улуттук лидерибиз Кыргызстанда дүйнөнүн жогорку өнүккөн отуз өлкөсүнүн катарына кирүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейт”. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште айтты.
МинКаб башчысы президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында, биргелешип мамлекеттик башкаруу институттары калыбына келгенин белгилеп, өлкөдөгү улуттук байлыктын эбегейсиз үлүшү мурда өздөштүрүп алган жана ага тоскоол болгон чоң-кичине “мителерден” тазаланганын кошумчалады.
“Сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ак ниет башкаруу саясатын киргизүүнүн аркасында президент Жапаровдун төрт жылынын ичинде биз мамлекеттик консолидацияланган бюджеттин көлөмүн үч эсе көбөйттүк. Бул жылдардын ичинде эл чарбасы эки эсе өстү. 2022 жана 2023-жылдары ИДПнын реалдуу өсүшүнө 9% жетиштик, ал эми ушул жылдын январь-октябрь айларында бул көрсөткүч 9,6%ды түздү”, — деди Акылбек Жапаров.
Ал радикалдуу реформаларды жүргүзүүдөн коркпоого чакырып, депутаттарды Кыргызстандын эл аралык аренада бекемделишине багытталган ишти улантуу үчүн сунушталган чараларды колдоп, биргелешип иштөөгө чакырды.