Нарын шаарында көпүрөдөн боюн таштаган кызды издөө иштерине бүгүн, 14-ноябрь күнү жалпы 29 адам алты дүрбү, 2 авариялык куткаруу унаасы менен чыгышты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Куткаруучулар Жылан-Арык айылынан баштап Актал-Чатты көздөй жана 8-Март айылынан Нарын шаары тарапка суу жээктеп издөө иштерин жүргүзүүдө.
2-ноябрда Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу кыз Нарын дарыясына түшүп кеткени белгилүү болгон. Ошол убактан бери изделип жатат.