Марал Радиосу

Ысык-Көлдө 9 жашар кызды зордуктагандар жазадан качууга аракеттенип жатканы айтылды

Ысык- Көлдө тогуз жашар кызды эки жыл бою зордуктоого шектелип тергөө абагында отургандар жазадан качууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу Акыйкатчы инстуту кабарлады.

Акыйкатчы Ысык- Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында зордуктоого кабылган тогуз жашар кыздан жана анын ата-энесинен кабар алган.

Окуя ушул жылдын сентябрь айында белгилүү болгон. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, 19 жана 25 жаштагы эки шектүү кармалган. Учурда алар камакта.

Маалыматка караганда, азыркы учурда кыз коопсуз жерде, ата-энесинин камкордугунда. Ага зарыл болгон адистер жардамдарын көрсөтүүдө. Бирок кызга узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат .

Кыздын апасы акыйкатчыдан алардын укуктарын коргоп берүүсүн суранган. Анын айтымында, эки эркек кызын 2021-жылдын декабрь айынан тарта зордуктап келишкен. Кыз коркконунан апасына мындай жийиркеничтүү окуяны айткан эмес.

«Кызыма бычак такап, күч менен эски үйгө сүйрөп барып зордуктап келишкен. Бирөө-жарымга айтса өлтүрүп койобуз деп коркутушкан. Ушундай зөөкүрлөр ар-кандай шылтоо издеп, жазадан качууга аракеттенип жатышат», -деп ыйлады кыздын апасы.

Акыйкатчы өзгөчө тынчсыздануу менен тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүгө чакырды.

Exit mobile version