Марал Радиосу

Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөнүн убактысы кыскартылды

Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө ишинен натыйжа болбогондугуна байланыштуу активдүү фазадагы издөө токтотулду.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Эми аларды бир жумада эки жолу издешет. Бул жөнүндө министрлик ата-баланын жакындарына да кабар берген.

16-октябрда Жумгалдын тургундары, ата-бала мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Ошол күндөн бери издөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келди. Куткаруучулар менен жалпы 30дан 120га чейинки сандагы адамдардын коштоосунда жана дрондордун, дүрбү, рация, авариялык куткаруу унааларынын жардамында изделди.

Exit mobile version