Президент Садыр Жапаров 12-ноябрда Азербайжандын Баку шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына катышты.
Ал Пакистан тарабынан уюштурулган климаттык каржылоого арналган тегерек столдо сөз сүйлөдү.
Президент климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери бардык өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу коркунуч туудуруп жатканын, ошондуктан климаттык каржылоо темасы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Ал БУУнун Алкактык Конвенциясынын 29-конференциясында климаттык каржылоонун жаңы жалпы максаттары боюнча чечим кабыл алууда тийиштүү каржылоосуз көптөгөн долбоорлор кагаз жүзүндө гана каларын эске алуу зарылдыгын айтты.
Садыр Жапаров эл аралык климаттык каржылоону бөлүп берүү жоопкерчилиги өлкөлөрдүн эмиссияларынын жана экономикалык өнүгүү деңгээлинин пропорционалдуулугуна жараша болушу керектигин белгиледи. Ушуга байланыштуу, өнүгүп келе жаткан аялуу өлкөлөрдү колдоо үчүн жоопкерчилик глобалдык эмиссия үчүн эң жооптуу мамлекеттерге жүктөлүшү керек.
Президент өнүккөн өлкөлөр тарабынан бөлүнгөн климаттык каржылоону алуу механизмдеринин татаалдыгына – финансылык ресурстар чачыранды бөлүштүрүлгөндүгүнө, бул алардын эффективдүү бөлүштүрүлүшүнө тоскоолдук жаратып жатканына токтолду. Ал жеке сектор климаттык каражаттарды топтоодо кыйла активдүү роль ойношу керек, анткени экономиканын негизги кыймылдаткычы болуп, «жашыл» экономикага өтүүнү камсыздайт, деген пикирин билдирди.
Мындан башка, мамлекет башчы климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана анын кесепеттерин жумшартууга багытталган туруктуу долбоорлорду колдоо үчүн каржылык ресурстарды тартууга өбөлгө болчу инновациялык механизмдерди жана инвестициялык куралдарды түзүүгө чакырды.
Ал Кыргызстан Жоготуулар жана зыяндар фонду ишке киришин тездетүүнү колдоорун айтып, каржылоо механизмдерин түзүүдө бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде тоолуу өнүгүп жаткан мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу маанилүү экенин айтты.
«Улуттук деңгээлде аныкталган салымдардын негизинде, Кыргыз Республикасы парник газдарынын эмиссиясын 2030-жылга карата «иштердин адаттагыдай эле жүрүшү сценарийи» боюнча 16%га, ал эми эл аралык колдоо болсо 44%га кыскартууну пландап жатат. Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетикалык эффективдүүлүктү жогорулатуу, газдаштыруу аркылуу көмүр керектөөсүн кыскартуу, электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүүдөгү жоготууларды азайтуу, шаарларда жылуулук менен камсыздоо системаларын жакшыртуу жана энергетикадагы көйгөйлөрдү азайтууда элдин маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу көмүртек нейтралдуулугуна жетүүнү көздөп жатабыз.
Климаттын өзгөрүшү шартында суу ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери өзгөчө актуалдуу болуп жатат. Ушуга байланыштуу өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүздү энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча Регионалдык борборду Бишкек шаарында түзүү демилгесин колдоого чакырабыз» , — деди Садыр Жапаров.