Марал Радиосу

Таласта УКМК кызматкерлери үчүн 50 млн сомдук спорт зал курулду

Бүгүн, 12-ноябрь күнү Талас шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМК кызматкерлери үчүн салынган спорт залды көрүп чыкты.

Коопсуздук кызматкерлеринин дени сак жашоосу, алардын кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткаруусуна себепчи болоорун айтты.

Аталган имаратта волейбол, баскетбол аянтчасы жана кошумча машыгуу залы каралып, тийиштүү жабдуулар орнотулган.

Спорт залын курууга президенттик фонддон 50 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Курулуш иштери 2023-жылы президенттин тапшырмасы менен  башталып, 2024-жылы бүткөрүлүп, май айында пайдаланууга берилген.

Exit mobile version