2025-жылдын апрелине чейин Казакстанга Сырдарыядан 11 млрд куб метр суу убада кылынды. Мындай чечим Ашхабадда өткөн жыйында кабыл алынды, — деп жазат Vlast.kz басылмасы.
Казакстандын суу чарба жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Кыргызстан бул жыйынга байкоочу катары катышкан.
Планга ылайык, 1-апрелге чейин Шардара суу кампасына керектүү өлчөмдө суу берилип, бул Казакстандын түштүк облустарындагы 2025-жылдагы сугат мезгили үчүн колдонулат.
«86-жолу өтүп жаткан жыйналыштын натыйжалары жакшы деп эсептейм. Айрыкча Кыргызстан менен суу-энергетика тармагында кызматташтык боюнча келишимдер ишке ашырылып, алдыдагы жылдын сугат мезгилинде Бахри-Тажик суу сактагычынан эффективдүү пайдалануу чаралары талкууланды», — деген казак министри.
Мындан сырткары, жыйында Сырдарыя жана Аму дарыядагы суу кампаларынын иштөө нөөмөтү такталган жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдыдагы күз-кыш мезгили үчүн сууну камсыздоо лимити бекитилген.
Борбор Азиядагы суу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны 2025-жылдын биринчи чейрегинде Тажикстанда өтөт.