Марал Радиосу

COP29: Бакуда Кыргызстандын павильону ачылды

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев жетектеген делегациясы Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын 29-конференциясына катышууда.

Бүгүн, 11-ноябрда Кыргызстандын улуттук павильонунун ачылышы болду. Павильон 2023-2027-жылдарга “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер” глобалдык демилгесинин алкагында түзүлгөн, анда Кыргызстан үчүн тоо күн тартибинин маанилүүлүгү баса белгиленген. Павильон өлкөнүн кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде анын климаттык күн тартибин, экономикалык, энергетикалык жана туристтик потенциалын илгерилетүүнү көздөө максатында ачылган.

COP29га 100дөн ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баш болгон 150 өлкөдөн делегациялар катышаары белгилүү. Конференция 22-ноябрга чейин созулат жана болжол менен 70 000 катышуучу келээри күтүлүүдө.

Exit mobile version