Марал Радиосу

Песков Путин менен Трамптын сүйлөшүүсү болбогонун айтты

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен Орусия президентинин ортосунда сүйлөшүү болбогонун айтты.

Ал 11-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип, «Трамп менен Путиндин ортосунда сүйлөшүү болгон эмес. Бул ойдон чыгарылган маалымат жана чындыкка дал келбейт», — деп айтты.

Ал эми алдыда Трамп менен Путиндин ортосунда сүйлөшүү пландалып жатабы? — деген суроого, азырынча так эч нерсе айта албай турганын билдирген.

Washington Post басылмасы АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп 10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ага Украинадагы согушту күчөтпөөнү сунуштады, — деп жеке булактарына таянып жазган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 7-ноябрда “Валдай” дискуссиялык клубунун жыйынында сөз сүйлөп, Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, диалогго даяр экенин билдирген.

 

Exit mobile version