Марал Радиосу

Трамп менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп 10-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ага Украинадагы согушту күчөтпөөнү сунуштады. Ал эми АКШнын учурдагы президенти Жо Байден Трампты Украинаны көз жаздымда калтырбоого чакырды.

6-ноябрда Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүп, согушту тез арада токтотууну убада кылган. Бирок кандай аракеттер көрүлөрүн ачыктаган эмес.

Орусиянын президенти Владимир Путин 7-ноябрда “Валдай” дискуссиялык клубунун жыйынында сөз сүйлөп, Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, диалогго даяр экенин билдирген.

Дональд Трамп 2025-жылдын 20-январда АКШнын президенттик кызматына киришет.

Exit mobile version