Марал Радиосу

Министрлик малга кышкы тоют даярдоо жөнүндө маалымат берди

Жыл башынан бери өлкө боюнча 5929,8 миң тонна тоют жыйналды. Бул 2024-2025-жылга мал кыштатууга керектеле турган тоюттун 100 пайызы экени кабарланды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, кесек тоют — 3 710, 8 миң тонна, чыктуу тоют – 269,7 миң тонна, дан азыктары -1 949, 3 миң тонна даярдалды.

Чыктуу тоют даярдоого өзгөчө көңүл бурулуп, региондорго түшүндүрүү иштери жеткиликтүү жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасында 2024-жылдын октябр айына карата 269,7 миң тонна силос даярдалды.

Бул көрсөткүч 2023-жылдын октябрь айына даярдалган чыктуу тоютка (87,9 миң тонна) салыштырмалуу 181,1 миң тоннага көп.

Ошондой эле, буга чейин силос бастырылбаган аймактарда силос бастырылган.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Кочкор районунда 12 105 тонна, Нарын районунда 860,0 Кадамжай районунда 1445 тонна, Тогуз-Торо районунда 310 тонна силос бастырылды.