Марал Радиосу

11- ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 11-ноябрда Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана башка аймактарда жаан-чачын болбойт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу түнкүсүн -1… + 4, күндүз +6 … +11,

Талас облусу түнкүсүн -3…+2, күндүз + 3 … +8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1… + 6, күндүз +8…+13,

Ысык-Көл облусу түнкүсүн -3…+2, күндүз +6 … +11,

Нарын облусу түнкүсүн -1…-6, күндүз +4 … +9.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +9…+11 болот.