Марал Радиосу

Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барат

Президент Садыр Жапаров 11-13-ноябрда Бириккен Улуттар уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен барат. 12-ноябрда Баку шаарында мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев кабарлады.

БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын конференциясынын 29-сессиясынын ишине 100дөн ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле дүйнөнүн булуң-бурчунан 150 делегация катышат”, — деди Муратбек Азымбакиев.

Ал ошондой эле быйыл биринчи жолу БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын конференциясын өткөрүү учурунда 13-ноябрдан 21-ноябрга чейин жалпы “Кыргызстан: Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” темасындагы Кыргызстандын түстүү улуттук павильону орнотулуп, иштей турганын билдирди.

Павильондо күн сайын өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун катышуусу менен климаттык күн тартибинин, Кыргызстандын энергетикалык, соода-экономикалык, туристтик жана инвестициялык потенциалынын актуалдуу маселелери боюнча презентациялар, ошондой эле маданий иш-чаралар, улуттук тоо продукцияларынын көргөзмөлөрү жана алардын даамын таттыруулары өткөрүлөт.