Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн диний ишмерлер менен жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчысы мыйзамга кошумча түзөтүүлөр киргизилип жатканын, буга чейин дин аалымдары менен бир нече жолу чогулуп, пикир алмашуу болгонун белгиледи. Ал бүгүнкү жыйында дагы бир жолу дыкат карап, электен өткөрүп, анан Жогорку Кеңешке жиберүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Президент ошондой эле жол менен Муфтият менен Аалымдар кеңешинин позициясын бекемдөө үчүн “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ал мамлекеттик реформалар сыяктуу эле, мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы өлкөнүн бардык конфессияларында тартипти орнотууга, анын ичинде мусулмандар арасында ынтымакты камсыздоого мүмкүндүк берет.
Мамлекет башчысы ошондой эле радикалдык элементтер менен күрөшүүдө диний ишмерлердин колдоосу талап кылынарын баса белгиледи. Ал динге жамынып алып, тескери кеткендерди Муфтият тарбиялап, даават айтуу менен оң жолго салышы керектигин айтты. Ал эми “дааватты жоюп атат” дегендерге, даават жоюлбайт, тескерисинче, канчалаган жарандарыбыз даават уккандан соң оң жолго түшкөндүгүнө далилдер көп, деди.
Президент Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктап жатып, катышуучуларды мындан аркы талкуулоого чакырды жана мыйзам долбоору боюнча алымча-кошумчаларды киргизип, ар тараптан талкуулап, жакшылап иштеп чыгып, анан Жогорку Кеңешке жиберүүнү сунуштады.
Диний ишмерлер өз кезегинде долбоор акыркы эки айдан бери бир нече жолу талкууланганын жана алардын сунуштары жеткире иштеп чыгуу учурунда эске алынганын белгилешти. Бүгүнкү жыйындын алкагында мыйзам долбоорунун текстине кирген кошумча сунуштар да айтылды.