Марал Радиосу

Өлкө боюнча туристтерди тейлөө борборлору курулат

Кыргызстан боюнча туристтер үчүн 40 тейлөө борбору курулат. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, туризмди өнүктүрүү боюнча чоң аракеттер көрүлүүдө.

«Туризмди өнүктүрүү үчүн жолдорду куруп, тейлөө борборлорун түзүп жатабыз. Маселен, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын жолдорун курууга 1 миллиард сом бөлүнгөн. Мунун баары туристтерди тартуу үчүн жасалып жатат», — деп түшүндүрдү ал.

Жапаров ошондой эле Кыргызстандан Өзбекстанга 5 миллион турист барганын кошумчалады.

Exit mobile version