Кыргызгидромет билдиргендей, 8-ноябрда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар жаайт.
Күндүз Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Калган аймактарда жаан, кар жаайт.
Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5
Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4
Бишкекте абанын температурасы тункүсүн -3…-5°, күндүз +3…+5° жылуу болот.