АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер жана азыркы вице-президент Камала Харрис шайлоодон кийин Вашингтондо билдирүү жасады.
Харрис колдоочуларына, командасына, жолдошуна жана президент Джо Байденге ыраазычылык билдирди.
Вице-президенттин айтымында, ал буга чейин Дональд Трампка телефон чалып, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү процессинде ага колдоо көрсөтүүгө убада берген.
Харрис ошондой эле америкалыктар «белгилүү бир президентке же партияга эмес, АКШнын Конституциясына берилгендигин» баса белгиледи.
АКШда 5-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо Дональд Трамп 277 шайлоочунун добушуна ээ болсо анын атаандашы Камала Харрис 224 добушка ээ болгон.