Марал Радиосу

Акылбек Жапаров журналисттер менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн 7-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров коомдук пикирди калыптандырууда журналисттердин ролу чоң экенине токтолуп, санариптик доордо журналисттердин ролу дагы жогорулай тургандыгына ишенимин билдирди.

“Технологиянын тез өнүгүшүнө жана жашообузга жасалма интеллекттин киргизилишине карабастан, журналисттин кесиби маанилүү жана алмаштырылгыс бойдон калууда. Сиздердин иш жөн гана маалымат жеткирүү эмес, ал контекстти түзүү, окуяларды талдоо жана аларды коом үчүн жеткиликтүү кылып көрсөтүү. Техниканын өнүккөн доорунда сиздердин ролуңуздар дагы жогорулайт деп ишенем. Жасалма интеллект адамдын түшүнүгүн, интуициясын жана эмпатия жөндөмдүүлүгүн – журналистиканын чыныгы кайталангыс сапаттарын алмаштыра албайт”, – деди Акылбек Жапаров.

Минкаб төрагасы ошондой эле экономикадагы жетишкендиктер менен бөлүшүп, өлкөнүн ИДПсынын жана бюджетинин өсүшүн белгиледи. Ал Кыргызстандын башкы байлыгы катары адамдык капиталдын маанилүүлүгүнө, мындан тышкары коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү темасына токтолуп, бул жаатта алгылыктуу өзгөрүүлөрдү белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров журналисттерге кайрылып, Кыргызстандын туристтер үчүн жагымдуу өлкө катары позитивдүү имиджин түзүүгө чакырды.

Мында тышкары Акылбек Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип, ата мекендик журналистиканы жана басма сөз каражаттарын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

Exit mobile version