Марал Радиосу

Президент тарых жана ата-бабаларды эскерип, кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчы  7-ноябрь  ата-бабаларыбыз ондогон кылымдар бою түрдүү жолдорду басып өткөнүн эске салган күн экеннин айтып, бүгүнкү эгемен Кыргызстан байыркы мезгилден бери кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап, коргоп келген ата-бабалардын даанышмандыгынын, көсөмдүгүнүн жана баатырдыгынын натыйжасы экендигин айтты.

Мамлекет башчы кыргыз эли тарыхта түрдүү татаал жолду басып өткөнүн айтып, «Үркүн» окуясы, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгү жана азыркы Кыргызстандын түптөлүшүнө салымын кошкон репрессиянын курмандыктарына токтолду.

Кайрылуунун соңунда мамлекет башчы кыргыз элине кызмат кылган тарыхий инсандар ардайым азыркы жана келечек муундүн эсинде болушу керектигин айтып. Кыргызстан ынтымактуу жана күч кубаттуу мамлекет болушун каалады.