Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулаганы байкалды.
6-ноябрда түштөн кийин Улуттук банктын расмий курсу боюнча бир доллар 86,2 сом деп белгиленди. Буга чейин 85 сомдун тегерегинде болуп жаткан.
Коммерциялык банктарда да доллардын курсу 86,55 сомдон болууда.