Марал Радиосу

Садыр Жапаров Кыргызстандан Түркияга экспорттолгон товарларга жеңилдик берүүнү өтүндү

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын мамилелери стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлүп жатканын айтты.

Президент 5-ноябрда Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен болгон кеңейтилген форматтагы жолугушууда саясат, экономика, инвестиция, билим берүү жана башка тармактардагы бир катар маселелерди талкуулаганын билдирди.

«Өлкөлөрдүн ортосундагы ишенимдүү жана ачык стратегиялык диалог күн тартипте турган ар түрдүү маселелерди чечүүдө жардам берип келүүдө.

Салтка айланган чыныгы боордоштук мамилелер жана артыкчылыктуу стратегиялык өнөктөштүк жигердүү өнүгүп жаткандыгына абдан кубанычтамын» , — деди Жапаров.

Кызматташтык жаңы деңгээлге чыгууда

Өлкө башчы бүгүнкү өзгөрүлүп жаткан дүйнөлүк системанын алкагында Түркия Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналарын, учурда өлкөлөрдүн ортосунда Жалпы камтуучу стратегиялык кызматташтык мамилелерин орнотууга мезгил келгенин айтты.

Ошол эле учурда, айтылган сөздөр кагазда калбай, элди бириктирүүгө багытталган практикалык иш-аракеттер керектигин кошумчалады.

Түркиянын жалпы преференциялар системасын изилдеп чыгып, анда Кыргызстандын негизги экспорттук кээ бир товарлары боюнча кандайдыр бир жеңилдиктер жоктугу аныкталганын айтты.

Ушуга байланыштуу, Кыргызстандан экспорттоого багытталган товарларга жеңилдетилген бажы тарифтерин киргизүүнү өтүндү.

«Кыргызстан бүгүнкү күндө Борбордук Азия чөлкөмүндө суу-энергетикалык ресурстарга бай өлкө. Кыргызстандын жалпы гидроэнергетикалык потенциалы 142,5 млрд кВт саатты түзсө, өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстарын өздөштүрүү жалпы дарамети 13%ын гана түзүп келүүдө.

Түрк компанияларынын чакан жана орто ГЭСтерди куруу долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылгым келет. Бул биздин бүтүндөй аймак үчүн материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди да алып келет» , — деди Садыр Жапаров.

Логистикалык кызматташтык

Мындан тышкары, ушул жылдын 1-майынан тарта кыргыз-түрк жүк ташуучулары эки өлкөгө жүк ташуу үчүн уруксат кагаздарынын жокко чыгарылышы замандын талабы болгонун белгиледи.

Жаңы транспорттук каттамдар, анын ичинде Кытай менен Европа өлкөлөрүн Борбор Азия жана Түркия аркылуу байланыштырган Улуу Жибек Жолу сыяктуу байыркы жолдордун негизинде түзүлгөн транспорттук каттамдарынын ролу жана мааниси барган сайын өсүүдө.

«Ушундан улам, биз «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун курууга киришип жатабыз. Долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусу 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Европага, Түркияга, Жакынкы Чыгыш, Иран, ошондой эле араб өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуунун географиясын кеңейтет. Бул өңүттө, аба каттамдарынын саны көбөйүп жатканы кубандырбай койбойт. Былтыр борбор шаарларын байланыштырган Анкара-Бишкек-Анкара аба каттамы ачылды».

Медицина

Түркиянын медицина системасы Кыргызстан үчүн үлгү болуп саналарын, буга далил катары Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы ийгиликтүү курулуп, иштеп жатканын президент билдирди.

Оорукананын квалификациялуу медициналык персоналы жана заманбап жабдуулары болгондуктан органдарды алмаштыруу боюнча ийгиликтүү операциялар башталды.

Учурда трансплантация бөлүмүн жайгаштыруу үчүн оорукананын кошумча имаратын куруу иштери жүрүп жатат. Кыргызстан бул маселеде түрк тараптын жардамынан жана көмөктөшүүсүнөн үмүттөнөт.

Садыр Жапаров Түркия жогорку сапаттагы дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер экенин, мындан улам Кыргызстанда түрк фармацевтикалык заводун курууну сунуштады.

Маданий-гуманитардык кызматташтык

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын негизделгендигинин 100 жылдыгына жана улуу кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата былтыр Анкара жана Анталия шаарларында түрк тарабынын колдоосу менен Кыргызстандын Маданият күндөрү өткөн.

Садыр Жапаров Кыргызстандын аймагында да Түркиянын Маданият күндөрүн өткөрүүгө чакырды.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 4-ноябрда мамлекеттик сапар менен Бишкекке келди.

Exit mobile version