Марал Радиосу

Эрдоган менен Акылбек Жапаров «Ата-Бейитке» барышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Эрдоган Акылбек Жапаровдун коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.

Ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, эскерди.

Бүгүн, 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды. Аны «Ынтымак Ордо» президенттик администрациянын имаратынын кире беришинен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Эки өлкөнүн гимндери жаңырып, мамлекет башчылары ардактуу кароолдун алдынан өтүп, аскерлер менен учурашышты, президенттер өз делегацияларын бири-бири менен тааныштырышты.

Андан ары эки мамлекет башчыларынын тар курамдагы сүйлөшүүлөрү бүтүп, президенттердин кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрү өтүүдө.

Exit mobile version