Марал Радиосу

Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин сүйлөшүүлөрү башталды

Бүгүн, 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды. Аны «Ынтымак Ордо» президенттик администрациянын имаратынын кире беришинен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Эки өлкөнүн гимндери жаңырып, мамлекет башчылары ардактуу кароолдун алдынан өтүп, аскерлер менен учурашышты, президенттер өз делегацияларын бири-бири менен тааныштырышты.

Андан ары эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү башталды.

Эрдоган мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга 4-ноябрда келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлдү, улуттук боз үй түрүндө инсталляция орнотулуп, Ардак кароол тизилди.

Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз жана түрк музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин концерттик программасын көрүштү.

Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин чакан курамдагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат.

Exit mobile version