Марал Радиосу

Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар Кыргызстанга келди

Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар Кыргызстанга келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Эрсин Татар Кыргызстанга 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи саммитине катышуу үчүн келди.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан да Кыргызстанга келишкен.

6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун XI саммити өтөт. Саммиттин темасы «Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук» болот.

Өлкөлөрдүн лидерлери ТМУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат, уюмдун учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат, ошондой эле бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясына кол коюшат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт.

Кыргызстандын уюмга төрагалыгы мезгилинде мүчө мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо, экономикалык өсүш жана региондо жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.

Саммитке уюмга мүчө беш мамлекеттин — Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.

Exit mobile version