Марал Радиосу

Венгриянын премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий сапарынын алкагында Виктор Орбан сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелери талкууланып, кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлат.

Виктор Орбан 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги саммитине катышат.

Саммитке уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.