Марал Радиосу

Ташиев он бала төрөгөндөргө 2 млн сомдон төлөнөрүн айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда элдин санын көбөйтүү керек экенин айтты.

Ташиев мамлекеттин коопсуздугу элинин санына жараша болорун, учурда өлкө жетекчилиги тарабынан бийик тоолуу аймактарда жашап, көп бала төрөгөн энелерге 2 миллион сомго чейин сүйүнчү пул берүү боюнча атайын программа иштелип жатканын  белгиледи.

Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Нарын облусундагы бала бакчанын ачылышында сөз сүйлөп жатып айтты.

— Биздин балдарыбыз көп болушу керек. Кыздарыбыз, келиндерибиз көптөн төрөшү керек, көп балалуу болушубуз керек. Азыркыдай бирден, экиден бала төрөбөй, 5тен 10го чейин бала төрөлүшү зарыл. Мына ошондо гана Кыргызстан өнүгүп-өсөт. Кээ бири муну тамаша деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул өтө олуттуу маселе. Мамлекеттин коопсуздугу элинин санына жараша болот, элдин саны өсмөйүнчө коопсуздугубузду сактай албайбыз. Дүйнөдө канчалаган өзгөрүүлөр болуп жатат. Тегерегибизде канча деген чоң-чоң саны көп мамлекеттер бар. Бизде салыштырмалуу балдардын төрөлүүсү аз болуп жатат. Мамлекет тарабынан жаш балдарга шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Биз бала бакча, мектеп, окуу жайларды салып, бардык шарттарды түзүп беребиз. Мындан ары төртүнчү баласын төрөгөн энеге мамлекет тарабынан сүйүнчү катары 100 миң сомдон, бешинчини төрөгөндөргө 600 миң сомдон, жетинчи баласын төрөгөндөргө миллион сом, сегиз, тогузду төрөгөнгө бир жарым миллион сом, ал эми онду төрөгөндөргө 2 миллион сомдон акча берилет»,  — деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

4-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында төрөлгөн 3 эмден кабар алды.

Атайын кызмат билдиргендей, Ташиев үч эмдин ата-энесине өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана Нарын шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.