Бүгүн, 4-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында 25-октябрда төрөлгөн 3 эмден кабар алды.
Атайын кызмат билдиргендей, Ташиев Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барып, үч эмдин ата-энеси Эрбол Карагулов жана Алтынай Майрамбековага өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана Нарын шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.
Үч эмге Ажар, Саадат, Анара деген ысымдар ыйгарылган.
24 жаштагы эненин абалы учурда туруктуу оор, ал эми ымыркайлардын абалы туруктуу экени айтылып, Ташиев аларга бардык керектүү шарттар түзүлөөрүн белгиледи. Ошондой эле, наристелердин саламаттыгын көзөмөлгө алууну жана аталган үй- бүлөдөн кабар алып турууну тийиштүү тараптарга тапшырды.