Марал Радиосу

22 кыргызстандык мекенине кайтарылды

Өткөн айда Бириккен Араб Эмираттарында, Казакстанда, Кытайда, Орусияда, Өзбекстанда жана Украинада оор шартта калган 22 кыргызстандык жаран мекенинен кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

ТИМдин кабарлашынча, өткөн айда Орусиянын бир катар аймактарында, Кытайда жана БАЭде абактарда отурган 23 кыргызстандык менен жолугушуу болду. Чет мамлекеттерде каза тапкан он кишинин сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жардам берилди. Бирок алардын жагдайы тууралуу кеңири маалымат берилген жок.

«Сентябрда кыргызстандык 1 457 жаранга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү. Кыргыз жарандары катышкан кырсык болгон жерлерге, чет мамлекеттердин укук коргоо жана сот органдарына 98 консулдук чыгуулар уюштурулду»,-деп жазылган маалыматта.