Марал Радиосу

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 5-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.

Бийик тоолуу аймактардагы жолдо тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +11…+16,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,

Баткенде түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +14…+16 градус жылуу болот.