Марал Радиосу

Райондук сот Нурлан Мотуевди үй камагына чыгарды

Бишкектин Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевди үй камагына чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мотуевдин кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды. Ал 29-декабрга чейин үй камагында болот.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Нурлан Мотуев кармалганын 31-октябрда билдирген.

16-октябрда шаардык милициянын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда @nurlan_motuev_official аккаунтуна улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө карата терс сөздөрдү айткан видеону жарыялаганын аныкташкан.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, экспертиза дайындалды.

Ал улуттун аз өкүлдөрүн басынтып, алардын улутуна ар кандай мүнөздөмө берүү менен коомчулукту интернет желелери аркылуу үгүттөп, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылганы айтылууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси – «Расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» менен кылмыш иши козголгон.