Марал Радиосу

Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган сценарийлерге сынак жарыяланды

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган толук метраждуу көркөм тасмалардын сценарийлерине сынак жарыяланды. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы кабарлады.

Маалыматка караганда, сынак Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата министрлер кабинетинин «2030-жылга чейинки маданият, искусство, спорт жана жаштар саясатын өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун биринчи этабы катары 2024-2026-жылдарга карата иш-чаралар планынын» алкагында мамлекеттик буюртма боюнча тарыхый көркөм тасмаларды тартуу планынын негизинде өтөт.

Сценарийлерди кабыл алуу 11-октябрда башталган, 15-октябрда саат 17:00дө токтойт.

Талаптары:

Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат;

Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жазылган сценарийлер гана кабыл алынат;

Кабыл алынган сценарийлер киностудиянын көркөм кеңешинин кароосунан өтүп, талапкердин ал тууралуу айтып берүүсү менен коштолуп, тандалат;

Хронометраж 90 мүнөткө ылайыкталышы керек;

Киностудия сынакка катышкан ар бир сценарийдин сынактан өтүшүнө кепилдик бербейт;

Комиссия (көркөм кеңеш) сценарийлердин авторлору менен кат алышпайт жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт;

Баш мыйзамга каршы көз караштарды, мамлекеттин бүтүндүгүн бузууну, коопсуздугуна шек келтирүүнү, социалдык, расалык, улуттук, диний козутууларды камтыган, зордук-зомбулукту жактаган элементтер болсо ал сценарий сынактан четтетилет.

Сценарийлер кагазга чыгарылган жана электрондук вариантта «Кыргызфильм» киностудиясында кабыл алынат. Жалпы жобосу менен шилтемеге кирип таанышууга болот. Маалымат алуу үчүн 0501 50-31-03 номери иштейт.