Марал Радиосу

5-8-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт

Фото: Влад Ушаков

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 5-6-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, 6-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

7-8-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулука чейин,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -4° сууктан …+1° жылуулука чейин,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулука чейин, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суукка чейин төмөндөйт.

Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.