Марал Радиосу

Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 11-октябрда Түркмөнстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган «Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи» аттуу эл аралык форумга катышты.

Форумдун жүрүшүндө Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгынын урматына медаль менен сыйлады.

Андан соң президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле соода, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.