Марал Радиосу

Дайынсыз жоголгон эки жаранды издөө иштери Жумгалда жана Токтогулда уланууда

Жумгал районунда дайынсыз жоголгон эки жаранды издөө иштери уланууда. Бүгүн, 2-ноябрда таңкы 7: 20да издөө иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Издөө иштерине ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 30 милиционер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам чыгышты. Жалпы 100 адам 6 дрон менен жеринде издешет.

Издөө иштерин жеринде министрдин орун басары, генерал-майор Шамырканов көзөмөлгө алууда.
Мындан сырткары Токтогул районунда Камбар -Ата ГЭСтеринен Токтогул суу сактагычына чейинки Нарын дарыясынын жээктеринде 8 куткаруучу издөө иштерин жүргүзөт.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Кошумча маалымат берилет.

Exit mobile version