Марал Радиосу

Эртең аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, 12-октябрда өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.  14-16-октябрда туруксуз аба-ырайы сакталып турат, абанын температурасы төмөндөп, мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

Эртең, 12-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ыссык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ыссык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусундатүнкүсүн 6…11, күндүз 12…17,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17.

Бишкекте мезгил мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 14…16 градус болот.