Connect with us

Президент маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 2 Ноя 2024 | 106 | 0
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысы куттуктоосунда элди эл катары сактап да, даңктап да келаткан бул – эне тил менен маданият экенин белгилеген. Ошондой эле, кыргыз элинин маданияты алгачкы Саймалы-Таш жазууларынан бери келе жатканын айтып, бүгүнкү дүйнө жүзү өтө тездик менен өзгөрүп, ааламдашуу доорунда улуттук көөнө маданиятты сактап калуу негизги маселе экенин белгилеп өткөт.
«Бул багытта бир топ иштер аткарылып, дагы бир тобу аткаруу алдында турат. Көп жылдардан бери бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн мамлекеттик циркибиз толук жаңыланып, кайрадан ишке кирди. Убагында Борбор Азияда жана КМШ өлкөлөрүндө кыргыз “жигитовкасын” чыгарган жана улуттун сыймыгы болгон Үсөн Кудайбергенов өңдүү өнөр адамдарынын иши мындан ары көчтөнөт деген ишеничтемин. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата республика боюнча көптөгөн социалдык-экономикалык имараттардын ачылыштары болуп жатса, алардын өзөктүүсү жана элибизге руханий азык тартуулап, жан дүйнө эс алдыра турган маданий жай катары улуттук «Манас» театрынын жаңы имараты ачылып, ийгиликтүү иштеп жатат», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Мындан сырткары, президент мамлекет буга чейин өгөйлөнүп келген маданият тармагын колго алганын, райондук маданият үйлөрүндөгү техникалык каражаттарды жаңыртып бергенин айткан.
«Театр оюн-зоок мекемелеринин жаңы репертуарлар менен толуктоого жана сахна костюмдарын тиктирүүгө, гастролдорду уюштурууга шарттарды түзүп берип жатабыз. Максатыбыз – кыргыз маданиятынын алтын доорун кайра бир кайталап, кыргыз кереметин даңазалоо», — деп кошумчалаган президент.
Сөзүнүн аягында мамлекет жаш таланттарды окутуу, тарбиялоого даяр экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM