Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан катуу шамалга байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Гидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүнд батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
«Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Өзгөчө электр чубалгыларынан жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуңуздар», — деп айтылат маалыматта.