Марал Радиосу

Чукул билдирүү. 11-16-октябрда аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, 11-октябрда түштөн кийин жана 12-октябрда өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

13-октябрда айрым жерлерде жаан нөшөрлөп жаайт. Абанын температурасынын төмөндөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

14-16-октябрда туруксуз аба-ырайы сакталып турат, абанын температурасы төмөндөп, мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

Шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метр, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.