Марал Радиосу

Ноябрдын башында төрт күн катары менен дем алыш болот

Ноябрдын башында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болуп, жумуш эмес майрам катары белгиленген.

9—10-ноябрь — ишемби жана жекшембиге туура келет.

Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет. Буга байланыштуу президенттин жарлыгы 2017-жылы чыккан.