Марал Радиосу

Ички иштер министрлиги 100 жылдыгын белгилөөдө

Ички иштер министрлиги 100 жылдыгын белгилөөдө. Иш- чара Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында өтүүдө. Ага президент Садыр Жапаров, өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана Ички иштер министрлигинин ардагерлери, милиция кызматкерлери жана коомдук ишмерлер катышууда.

Иш-чарада милиция кызматкерлерин 100 жылда басып өткөн жолу сахналаштырылып көрсөтүлдү жана милиция кызматкерлеринин парады өтүүдө.

1924-жылы 1-ноябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусу жергиликтүү милиция кызматын түзүп, кадрларды топтоо боюнча чечим кабыл алынган.

Ошондой эле Ички иштер министрлигининдеги техникалар көрсөтүлдү.