Марал Радиосу

Виктор Орбан расмий сапары менен Кыргызстанга келет

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелерин талкуулашат.

Сапардын жыйынтыгы боюнча кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалган.

Мындан тышкары 6-ноябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Бишкекте өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын  жыйынына катышары айтылды.