Марал Радиосу

Министрлик: Балдын баасы жогорулап, экспорт басаңдады

Кыргызстанда быйыл балга болгон баа бир жарым эсе көтөрүлүп кеткендиктен аны экспортко чыгаруу татаалдашып калды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, былтыр балдын килограммы 200-250 сомдун тегерегинде болсо, быйыл баа кыйла көтөрүлүп, 350-400 сомду түздү.

Ушундай факторлорду эске салганда балды чет өлкөгө экспорттоо басаңдай түшкөн.

Айыл чарба министрлиги бул маселени чечүү максатында ар тараптуу иштер жасалып жатканын билдирип, бал өндүрүүчүлөргө продукциянын сапатын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө көңүл бурууга чакырды.