Марал Радиосу

Парламент Жогорку соттун төрагасынын кызматтан кетүүсүнө макул болду

Жогорку Кеңеш 10-октябрдагы жыйынында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун кызматтан кетүү боюнча арызын колдоду.

Президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмас Абытовдун айтымында, Базарбековдун өз каалоосу менен кетиши тууралуу билдирүүсү президентке жолдонду.

Базарбековдун отставкасы тууралуу арызын кабыл алууга 66 депутат «макул», бир депутат «каршы» добуш берди.

Соттор кеңеши 9-октябрдагы отурумунда Замирбек Базарбековдун судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызын канааттандырган.

Замирбек Базарбеков 9-октябрда Жогорку соттун төрагасы кызматынан кетүү боюнча арыз жазды. Төрагалыкка ким сунушталып жатканы азырынча белгисиз.

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагалыгына 2022-жылы февралда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен дайындалган.

Конституцияга ылайык, Жогорку соттун төрагасы 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.