Марал Радиосу

Бишкекте баңги каражатын Гонконгго жеткирүүнү уюштурган чет элдик жаран кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик бажы кызматы менен бирге маңзат боюнча эл аралык каналга бөгөт койгонун билдирди.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө «Пакистан-Ооганстан-Өзбекстан-Кыргызстан» багыты боюнча метамфетамин баңги каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө ташуу менен алектенген эл аралык баңги топторунун иши аныкталды.

7-октябрда Бишкек шаарында С.У. аттуу чет элдик жаран кармалып, андан жалпы салмагы 67,615 кг болгон 300 миллион сом суммасындагы метамфетамин баңги каражаты табылып, алынган.

Кармалган чет элдик жаран жогорудагы маршрут боюнча Кытайдын Гонконг шаарына Казакстан аркылуу келген метамфетаминди жөнөтүүнү уюштурганы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чет элдик жаран баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Exit mobile version