Марал Радиосу

Baykar Technology Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда Түркиянын Baykar Technology директорлор кеңешинин төрагасы Сельчук Байрактарды кабыл алды.

Жолугушууда аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү жана коргоонуу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров Baykar Technology сыяктуу алдыңкы эл аралык компаниялар менен кызматташтыкты бекемдөө өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, улуттук аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүүдө жана регионалдык коопсуздукту бекемдөөдө негизги ролду ойной турганын белгиледи.

Сельчук Байрактар Baykar Technology компаниясы Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин айтып, чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелеринде заманбап технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана аскердик потенциалын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Сельчук Байрактарды «Даңк» ордени менен сыйлады.

Сельчук Байрактар Жапаровго канаттарында «Манас» эпосундагы негизги учурлар чагылдырылган «Акынжы» учкучсуз учуучу аппаратынын сувенир-макетин тартуу кылды.

«Байкар» — учкучсуз учуучу аппараттар, C4I жана жасалма интеллект боюнча адистешкен түркиялык жеке компаниясы.