Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында ушул жылы Ысык-Көл облусунда төрт мектеп курулуп жатат.
Алар:
- Д.Молдогазиев атындагы №8 мектеби, Түп району Шаты а.;
- М.Чокуев атындагы мектеп, Ак-Суу району Боз-Учук а.;
- Ж.Бейшекеев атындагы мектеп, Ысык-Көл району Ж.Бейшекеев а.;
- А.Сыдыкбеков атындагы мектеп, Ак-Суу району Токтогул а.
Жаңы курулган мектептер жер титирөөлөргө туруштук берет, электр энергиясын үнөмдүү сарптайт. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт жана санитардык-гигиеналык шарттарын камтыйт.
Мектеп гана эмес имараттын короосу да көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары коюлат жана тышкы мектеп инфраструктуралары орнотулат.
Мектептер заманбап илимий методология боюнча тандалып алынган. Тандоо критерийлерин кыргыз өкмөтү жана Дүйнөлүк банк биргелишип иштеп чыккан. Тандоонун негизги талаптарынын ичинен участоктун сейсмикалык тобокелдиги, имараттын аялуу даражасы жана мектептеги окуучулардын саны эске алынган.
Жалпысынан долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен 40 мектеп курулат жана реконструкцияланат. Тандалып алынган мектептерде санитардык-гигиеналык жагдайды жакшыртуу иш-аракети жүрүп, ички дааратканалар орнотулат.
Д.Молдогазиев атындагы №8 мектеби тууралуу маалымат:
Мектептин иштеп жаткан эски имараты өзүнчө бөлүнгөн тогуз майда корпустардан турган. Биринчи корпус 1965-жылы курулган. Мектеп 250 окуучуга ылайыкталып, бүгүнкү күндө 330дан ашуун окуучу билим алууда.
Жаңы имараттын аянты 2336 м2 түзгөн 225 окуучуга ылайыкталган жаңы эки кабаттуу имарат курулат. Анда 16 окуу кабинети, 8 даараткана, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайы жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган. Ошондой эле жаңы мектепке саркынды сууларды тазалоочу курулмалар орнотулат. Имарат мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, пандустар жана лифт орнотулат. Желдетүү системасы отнотулат.
М.Чокуев атындагы мектеп тууралуу маалымат:
Мектептин учурда иштеп жаткан эски имараты өзүнчө бөлүнгөн үч корпустан турат. Ал 1970-жылдары курулган. Мектеп 250 окуучуга ылайыкталган, бүгүнкү күндө анда 280ден ашык бала окуйт.
Мектептин жаңы имаратынын жалпы аянты 2175,38 м2 түзөт, 225 окуучуга ылайыкталып, эки кабаттуу болот. Мектепте 8 ички даараткана, кол жуугучтар жана желдетүү системасы орнотулат. Ошондой эле спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайы жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган.
Мектеп жылуулук, таза суу жана саркынды сууларды тазалоочу курулмалар менен камсыздалат. Имарат мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, пандустар жана лифт орнотулат.
Ж.Бейшекеев атындагы мектеп жана А.Сыдыкбеков атындагы мектеп тууралуу маалымат
Бул мектептерде да курулуш иштери башталды. Бүгункү күндө курулуш аянтчасынын айланасына тосмо орнотулуп, атайын техникалар алынып, учурда котлованды казуу иштери аяктап жатат.